www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Качан Кочкор айылы Жапаров шаары болот?

1930-жылдан Сталин, азыркы Кочкор районундагы Кочкор айылын шаар кылуу боюнча иштер жүрүп жатат. Кочкор шаар болсо кимдин аты коюлат: Усубалиев, Ормонхан, Талгарбеков, Жекшенкулов же Акылбек Жапаровдунбу. Турдакун Усубалиевдин аты анын көзү тирүү кезинде эле Теңдик совхозуна, ал эми Ормонхандын ысымы Фрунзе колхозуна (азыркы Кош-Дөбө айыл аймагына) коюлган. Бекболот Талгарбеков колхоздорду таратуу үчүн реформалардын башында турган, аны көпчүлүк калк колхоздорду таратып жиберди дешип Горбачевко теңеп турушат. Айыл чарбасында реформа кылбаса, Кыргызстан таптакыр отуруп калмак:

 Талаа түздө кеп болот,

Талгарбеков Бекболот.

Таратып бүт колхозду,

Тажырыйба деп койот.

Таап келсе кредит,

Тааныштары жеп койот-деп жазгам ошол кезде эле. Жекшенкулов да чоң саясий фигура. Жапаров болсо ким президент болсо терисин тескери кийинип, «хамалеончо» кубулган азыркы Минкаб жетекчиси. Акылбек Жапаров болобу аны бир кудай билет. Баса, Жапаровдун саясий фигура катары түптөлүшүнө Жекшенкуловдун эмгеги зор. Жапаров аны тепкич катары пайдаланып, кийин ар кимдин колтугуна кирип кеткен.

.КОЧКОР( СТАЛИН) РАЙКОМУНУН БИРИНЧИ КАТЧЫЛАРЫ КИМДЕР БОЛГОН?

Сталин району 1930-жылы уюшулган. Сталин райкомунун эң алгачкы катчысы Абдылда Аилчинов болгон деген маалыматтар  бар. Ошондой эле 1933-жылы Кочкор райкомунун биринчи секретары Орозбаев деген болгону тууралуу да айтымдар бар. Райкомдун 1- катчылары болуп 1933-34-жылдары Токин, 1934-1935-жылдары Эшимов, 1935-36-жылда Далбаев, 1937-жылы Алымов, 1938-жылы Иманалиев,1938-39-жылдары В.И. Полный,1939-40-жылдары Тыналиев, 1940-42 –жылдарда Т. Аламанов, 1942-45-жылдары Ө. Носинов, 1945-47-жылдары А.Аблабеков, 1947-49-жылдары Ж. Таласбаев,1949-51-жылдары Хамзабулин, 1952-53-жылдары Тыныбеков, 1954-56-жылдары Ж.Оторов, 1957-60-жылдары М. Султанов.

Сталиндин керт башына сыйынууга бөгөт коюлган соң 1961-жылдан баштап Кочкор району катары Тянь-Шань облусуна, ал эми Тянь-Шань Нарын болуп которулган 1970-жылдан Нарын облусуна карайт. 1960-1962-жылдары М.Чыңгышбаев, 1962-64-жылдары Ж.Турсунов, 1964 -1966 -жылдары А.Сыргатаев, 1967 -1972- жылдары Кадыракун Базарбаев, 1972 – 1990-жылдары Корчубек Акназаров, 1990-91-жылдары Төлөбек Абдиев Кочкор Райкомпартиясынын биринчи катчылары болуп иштешкен. Токин казак, Ж.Турсунов уйгур, А.П.Польный орус, Ө.Носинов, М.Султанов Сарт калмак улутунан болушкан.
Сталин районуна Жумгал району кошулуп, бөлүнүп, 1945- 1956-жылдарда Чолпон өзүнчө район болуп турган. Чолпон райкомун кимдер жетектеген? Ошол кездеги Чолпон Райкомунун 1-катчысы болуп, 1945-47-жылдары А. Курманбаев, 1947-49-жылдары Сыдыгаалы Айтбаев, 1949- 50-жылдары Мөкүш Кулубеков, 1950-53-жылдары У.Эшалиев, 1953-54-жылдары К.Саралаев, 1954-55-жылдары А. Чотбаев, 1955-1956-жылдары Д. Бегматов Райкомдун жетекчиси болуп иштеген. 1956-жылы Чолпон району жоюлуп Кочкор районуна кошулган.


КОЧКОРДУН АКИМДЕРИ

1992-1994-жылдары Алтымыш Шаршенбаев, 1995-жыл Ногоев Арстанбек, 1995-1997-жылы Эламан Акиев, 1997-1998-жылдары Өмүрбек Кожокев, 1999-2003-жылы Айтбаев Тариел Сыдыгалиевич, 2003-жылы Самакбек Керимкулов, 2003-2004-жылдары Кулматов Алмаз Окенович, 2004-2005-жылдары Эркинтур Молдогазиев, 2005-жылы кайрадан Тариел Айтбаев, (2005-жылы он күнчө Качыке Бейшебаев элдик аким делген), 2005-2010-жылдары Байтереков Курманбек Анарбекович, 2010-2012-жылдары Сарыбаев Рысбай Молдокматович акимдин милдеттин аткаруучу, 2012-2014-жылдары Жылдызбек Шералиев андан соң ортодо милдетин аткаруучу Нурлан Керимкулов,2 014-2016-жылдарда Жусупбеков Нурбек иштешкен. 2016-жылдан бери Керимкулов Нурлан, Абыкеев дегендер болушту.

Кочкордун көзү өткөн белгилүү адамдары: Эсенкул баатыр, Ормон хан, Орозбаков Сагымбай, Исакеев Баялы, Усубалиев Турдакун, Сыдыков Абдыкерим, Төрөгелди баатыр, Сыдыков Осмоналы, Молдо Кылыч, Шапак Рысмендеев, Эсенбай эсепчи, Арабаев Ишеналы, Чолпонбек Базарбаев; Көзү тирүү белгилүү адамдары: Бекболот Талгарбеков, Аликбек Жекшенкулов, Акылбек Жапаров, Кудайберген Базарбаев, Манапбек Мураталиев, Талант Калчаев,Бейшен Болотбеков, Мухаммедкалый Абылгазиев, Чынара Жакыпова.

Кочкор айыл өкмөтүнө Теңдик, Исакеев жана Кочкор айылы кирет 18 миң 700 жашоочу бар. Исакеев 2-3 чакырым алыс, эгер Кочкор шаар болсо өкмөт башчысы Акылбек Жапаров туулган Жаңы-Жол айылын Ак-Кыя айыл өкмөтүнөн Кочкор шаарына каратса болот. Себеби, Жаңы -Жол айылы Исакеевге караганда Кочкор менен удаалаш салынган.  Трансформацияга 83 гектар жер берилсе, түтүндүн саны дагы да көбөйөт Кочкор айыл айыл өкмөтүнүн жылдык бюджети 44 млн 799 миң 600 сомду түзгөн. Айыл өкмөттө 5 мектеп, 5 бала бакча, 1 маданият үйү, 2 китепкана, 1 жаштар үйү, 2 муниципалдык ишкана, калкка таза суу берүүчү 2 суу бассейн, 2 сейил бак жана 2 ФАП жайгашкан. «Долбоор менен Көбөгөн-Сай аймагына дагы 1 ФАП салабыз деп турушат. Мындан сырткары бут кийим тигүүчү завод жана мал соючу жайдын жери айыл өкмөткө карайт. Ички жолдордун 20-25 пайызы асфальтталган. Быйылкы жылы ички көчөлөр асфальттоо боюнча бюджетке киргизилип жатат. Айыл өкмөттүн аймагында көп кабаттуу 9 үй бар. Таза суу бар болгону менен канализация жок. Союз убагында салынган канализациялар жарактан чыгып, жашоочулар өз алдынча канализация жасап алышкан. Таза суунун системасы 1963-жылы коюлуп, эскилиги жетти. 2023-жылы жаз айлары менен таза суу системасын жаңыртуу боюнча иш башталат.  Жакынкы убактарда жашылдандыруу-көрктөндүрүүчү муниципалдык ишкана ачуу пландалууда.

Кочкор районуну- Нарын облусунун түндүк-чыгышында жайгашкан. Административдик борбору Кочкор айылы. 2016-жылдын сентябрь айынан баштап шаарда маалымат жана жарнамалык басылма — Кочкор.info гезити чыгат. Кочкор районун географиясы  Нарын облусунун түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Түндүгүндө Кыргыз республикасынын Чуй, чыгышында — Ысык-Көл облустары менен чектешет. Түштүгүндө Жумгал району менен чектешип турат. Аянты 6300 км2. 2009-жылдагы Кыргызстандагы эл каттоонун маалыматтарына ылайык, Кочкор районунда 58247 адам жашайт, анын ичинен кыргыздар 57582 адам (98,8%), дуңгандар 299 адам (0,5%), өзбектер 146 адам (0,3%), анын арасында орустар да бар. Кочкор районунун  курамына 11 айыл өкмөтү аймагы кирет:

  • Ак-Кыя — борбору Кара-Суу кыштагы.
  • Кара-Суу — борбору Мантыш кыштагы. Айыл өкмөтүнө Мантыш, Кызыл-Дөбө, Кара-Мойнок, Ак-Талаа, Орток кыштактары кирет.
  • Кочкор — борбору Кочкор кыштагы.
  • Кош-Дөбө — борбору Кара-Саз кыштагы.
  • Кум-Дөбө — борбору Кум-Дөбө кыштагы.
  • Сары-Булак — борбору Ак-Кыя кыштагы.
  • Семиз-Бел — борбору Кара-Тоо кыштагы.
  • Талаа-Булак — борбору Дөң-Алыш кыштагы.
  • Көк-Жар — борбору Көк-Жар кыштагы.
  • Чолпон — борбору Чолпон кыштагы. Айыл өкмөтүнө Чолпон, Туз, Ара-Көл, Оро-Башы, Ак-Учук, Молдо Кылыч, Ак-Чий кыштактары кирет.
  • Соң-Көл — борбору Төлөк кыштагы.

Учурда Кочкор айыл өкмөтүнө шаар макамын берүү үчүн аракеттер көрүлүүдө. Кыргыз Республикасында 32 шаар, анын ичинде республикалык маанидеги 2 шаар, облустук маанидеги 12 шаар, райондук маанидеги 18 шаар бар. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу мыйзамынын 6-беренесине ылайык, администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган, өнөр жай ишканалары, коммуналдык чарбасы жана турак жай фонду бар, өнүккөн окуу, маданий агартуу, дарылоо жана соода мекемелерине ээ, калкынын саны 20 миңден кем болбогон калктуу конуш облустук маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн. Администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган, өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмгө, өнүккөн окуу, маданий агартуу, дарылоо жана соода мекемелерине ээ, калкынын саны 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуш райондук маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости