www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны кыскартуу маселелерине арналган ведомстволор аралык комиссиянын 10-отуруму өттү.

Жыйында Президенттин жарлыктарынын аткарылышы жана бюрократиядан арылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыгы каралды.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, 2025-жылдын март айынан бери Юстиция министрлиги, Стратегиялык демилгелер улуттук институту жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин алкагында комиссия тарабынан 300дөн ашык тапшырма берилген.

Анын айтымында, реформалардын натыйжасында уруксат берүүчү документтердин саны 905тен 439га чейин кыскарып, «Электрондук аудит» системасында текшерүүлөрдүн мөөнөтү 2 жумадан 3 күнгө чейин төмөндөгөн. Ошондой эле бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнөкөйлөтүлүп, социалдык жана медициналык тармактардагы административдик тоскоолдуктар азайтылган.

Жыйында ошондой эле салыктык башкарууну жакшыртуу, электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү жана билим берүү менен саламаттыкты сактоо тармактарындагы реформалар талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгында мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышына жеке жоопкерчилик күчөтүлөрү белгиленди.

Последние новости