www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Таласта суурлардын саны көбөйгөнү байкалууда

Талас облусунун Бакай-Ата районунда суурлардын саны мурдагы эсептөөлөргө салыштырмалуу көбөйүп, алардын популяциясы жакшы деңгээлде сакталып жатканы белгиленүүдө.

Учурда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан райондун аймагындагы табигый өзөндөрдө суурлардын санын тактоо боюнча атайын эсепке алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Санак Урмарал коругунда жана Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркында өтүп жатат. Иш-чарага Талас регионалдык башкармалыгынын башкы аңчылык инспектору жана токой чарбасынын кызматкерлери тартылган.

Адистердин айтымында, суурлардын так саны боюнча жыйынтык маалымат июль айынын башында белгилүү болот.

Последние новости