www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Москва районунда жалпы аянты 1084,5 гектар айыл чарба жерлери аныкталып, мыйзамсыз пайдалануу фактыларынын негизинде мамлекеттин балансына кайтарылды.

Бул тууралуу жер мыйзамдарын сактоо жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу багытындагы иш-чаралардын жүрүшүндө маалым болду.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн алкагында тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн турган мекемелер аралык комиссия түзүлүп, тергөөгө чейинки текшерүү жана инвентаризация иштери жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында Москва районунун Төрт-Күл айыл аймагынын Петровка айылында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлер мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттин айыл чарба жерлер фондунун балансына кайтарылды.

Алардын ичинен 961,7 гектары сугат жерлер, 63,7 гектары кайрак жерлер жана 59,1 гектары көп жылдык көчөттөр ээлеген аянттар болуп саналат.

Маалыматка ылайык, аталган жерлер 20 жылдан ашуун убакыт бою кароосуз калып, мурдагы жамааттык жана советтик чарбалардын укук мураскерлери, ошондой эле жер комиссиясынын айрым мүчөлөрү тарабынан расмий эмес түрдө жеке кызыкчылыктар үчүн пайдаланылып келген.

Жерлерди мамлекеттин мыйзамдуу жүгүртүүсүнө кайтаруу айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө шарт түзүп, ак ниет жер пайдалануучуларды тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле бул кадам жергиликтүү бюджетке ижара төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздап, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого өбөлгө болот.

Учурда айыл чарба багытындагы жерлерди аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Последние новости