www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«75-иш» боюнча соттук териштирүүдө Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева күбө катары көрсөтмө берди. Сот отурумунун жүрүшүндө айыпталуучулардын бири Камчыбек Ташиев күбөгө суроо берип жатып, анын атасы дүйнөдөн кайткан учурда көңүл айтып барган алгачкы адамдардын бири болгонун эске салды.
Бул сөздөн кийин Сурабалдиева мындай билдирүүнү басым көрсөтүү аракети катары кабыл алганын айтты. Депутаттын айтымында, жеке мамилелерди жана өткөн окуяларды соттук процесске аралаштыруу орунсуз.
Ошондой эле Элвира Сурабалдиева буга чейин Камчыбек Ташиев тарабынан бир нече жолу кысымга жана коркутууларга кабылганын билдирди. Анын айтымында, Ташиев ар кандай учурларда аны «каматам» деп коркуткан учурлар болгон.