www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 17-июнь күнү саат 09:00дөн 18-июнь саат 06:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Өчүрүү аймагы:
Темир жолдун түндүк тарабындагы аймак,
Темир жол линиясынан – Раззаков көчөсү – Бөкөнбаев көчөсү – Панфилов көчөсү – Фрунзе көчөсү – Гоголь көчөсү – Жумабек көчөсү – Сүйүмбаев көчөсү – Осмонкулов көчөсү – Аламүдүн суусуна чейинки аймак.
Л.Толстой көчөсүнөн жогору жайгашкан аймак:
Көк-Жар суу топтомосунан – М. Горький көчөсүнөн төмөн жагы – Л. Толстой көчөсүнө чейин – Матросов көчөсүнүн батыш тарабы – 7-апрель көчөсүнүн чыгыш тарабы.
М. Горький көчөсүнөн жогору жайгашкан аймак:
М. Горький көчөсүнөн – 7-апрель көчөсү – Улан-2 кичи району – Аламүдүн суусу – Суванбердиев көчөсү – Шүкүров көчөсү – Скрябин көчөсү – Бектенов көчөсүнө чейинки аймак.
Суунун өчүрүлүшү Көк-Жар суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.
"Бишкексууканал" МИси ишканаларды жана шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
