www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 15-июнунда Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев Шаньдун провинциясынын ККП комитетинин катчысы Линь У менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кыргызстандын аймактары менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар транспорттук инфраструктура, энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана логистика тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын инвестицияларды тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана Шаньдун провинциясынын ишкер чөйрөлөрү менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Линь У эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, Шаньдун провинциясынын Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аймактар аралык байланыштарды чыңдоо жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Сапардын соңунда Бакыт Төрөбаев Линь Уга жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, аны Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Последние новости