www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
30-августта Стамбул шаарында Иран боюнча маанилүү жолугушуу өтөт. Бул тууралуу Германия өкмөтүндөгү булактарга таянуу менен DPA агенттиги жазды.
Жолугушууга Европа Биримдигинин «үчтүгүнө» кирген Улуу Британия, Германия жана Франциянын, ошондой эле Египет, Сауд Арабиясы, Пакистан жана Түркиянын тышкы иштер министрлери катышары күтүлүүдө.
Сүйлөшүүлөрдү өткөрүү демилгесин Германия менен Түркия көтөргөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө, башка маселелер менен катар, Ормуз кысыгында кеме жүрүү эркиндигин камсыз кылуу жолдору жана аймактагы коопсуздук кырдаалы талкууланат.
Катышуучу өлкөлөр бул жолугушуу АКШга Иран менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгы тууралуу белги болот деп күтүшүүдө.
DPA агенттигинин маалыматына караганда, күн тартибине Кара деңиздеги кырдаал жана Украинанын дан эгиндерин экспорттоо маселеси да киргизилет.