www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 28-августта Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Улуттук координаторлор кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагындагы иштер жана Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын алдыдагы саммитине даярдык маселелери талкууланды.
Жээнбек Кулубаев саммит ШКУну мындан ары өнүктүрүүдө, мамлекеттердин ортосундагы өз ара ишенимди, ынак коңшулук мамилелерди жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү этап болорун белгиледи.
Ошондой эле министр улуттук координаторлорго активдүү иши жана саммиттин мазмундук бөлүгүн даярдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, саммиттин документтерин макулдашуу жана уюмдун мындан аркы иш багыттарын аныктоо боюнча негизги иштер Улуттук координаторлор кеңешинин деңгээлинде жүргүзүлүүдө.
Россия президентинин ШКУ иштери боюнча атайын өкүлү Бахтиер Хакимов Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуу мезгилиндеги ишин жогору баалап, саммитти даярдоодогу Улуттук координаторлор кеңешинин маанилүү ролун белгиледи.
Ал кыргыз тарапты Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы жана 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.
Жолугушуунун соңунда тараптар Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны ийгиликтүү өтөрүнө ишеним билдиришти.