www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков министрликтин жамаатын Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен куттуктап, кызматкерлерге мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.

Узак жылдар бою ак ниет эмгеги, кесипкөйлүгү жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн жалпы 47 кызматкер сыйланды.

Алар «100 жыл» юбилейлик медалы, «Экономиканын отличниги» төш белгиси, II жана III даражадагы «Сиңирген эмгеги үчүн» медалы, Ардак грамота жана Ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Бакыт Сыдыков өз сөзүндө өлкөдө тынчтык жана ынтымак өкүм сүрүп, Кыргызстандын келечеги кең жана жаркын болушун каалады.

Министрлик сыйланган кызматкерлерди куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Последние новости