www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда өлдү деп көмүлгөн адам үйүнө кайтып келди

Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы Канпур шаарынын тургуну үй-бүлөсү аны өлгөн деп жарыялап, көмүп салгандан эки күндөн кийин үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу The Times Now News сайты жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, 2-августта Ахмад Хасан аялы менен мушташып, үйдөн чыгып кеткен. Үй-бүлө полицияга дайынсыз жоголгон адам жөнүндө арыз менен кайрылган. 5-августта полиция анын сөөгүн таап, туугандарын чакырган. Анын бир туугандары табылган сөөктүн Хассан экендигин тастыкташты. Ошол эле күнү үй-бүлөсү аны көргө коюшту.

7-августта Хассан үйүнө кайтып келген.

“Аялым менен чыр-чатактан кийин, мен заводко жумушка жөнөдүм. Жума күнү, мага акча төлөнгөндөн кийин, кайтып келдим. Мен барганда үйүмдүн жабык экенин көрдүм, бирок кошуналар мени таанышты. Алар полиция чакырып, мени полиция бөлүмүнө алып барышты”, – деди ал.

Хасандын жубайы Нагма күйөөсүнүн үйүнө кайтып келгенине сүйүнгөнүн айтты.

“Көмгөн адамдын жүзү менин күйөөмө окшош экен. Мен ага ишенбедим, бирок анын бир туугандары анын өзү экендигин тастыкташты. Күйөөмдүн кайтып келгенине кубанычтамын. Биз баарыбыз бактылуубуз”, – деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости