www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Он бешинчи кылымда жашаган атактуу көзү ачык Мишель Нострадамус “Улуу чума болот” деп алдын - ала эле айтып койгон. Нострадамустун айткандарын айланасындагылар жазып алышкан, анан албетте, ал адамдар өздөрүнүн түшүнгөнүнө жана билимдерине жараша кайра элге жеткизишкен. Нострадамус жазууларында 2020-жылга тиешелүү бир нече айтуулар бар. Ак металл Чычкан жылы адамзатка эмне алып келет? Көзү ачыктын пикири боюнча, бул жыл бүтүндөй адамзаты үчүн чукул өзгөрүүлөрдүн жылы болот. Бизди көптөгөн сыноолор күтүп турат. Вирустук жаңы оорулар пайда болуп, мунун аркасында өлүм көбөйүп, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө жайылат. Түндүктөн 2020-жылы аман калуунун аргасын табышат. Анын айткандары төп келип, орусиялык окумуштуулар коронавируска каршы эмдөө ыкмаларын табышып, майда жандыктарга жана адамдарга эмдөө боюнча сындоо жүргүзүшүп бүтүп, COVID-19га каршы Гамалей атындагы Илимий Изилдөө Борбору даярдаган биринчи вакцина мамлекеттик каттоодон өтөөрү күтүлүп жатат. Бул вакцинага 50 ыктыярчылар текшерүүдөн өтүп жакшы натыйжа берген. Андан тышкары Новосибирскиде «Вектор» борбору вакцинаны текшере баштады. Роспотребнадзордун билдиргенине караганда вакцинанын дозасын алгандар өздөрүн жакшы сезишүүдө. Азырынча  бул вакцинаны үч гана адам алган. «Вектор» вакциналардын клиникалык текшерүүлөрүн сентябрда аяктап, каттоодон өтөт.

Эми коронавируска каршы эмдөөлөр иш жүзүнө ашып, адамзатына чоң кубаныч алып келмек. Нострадамус 2020-жылы орусиялык илимпоздордун бирөөсү медицина тармагында чоң-чоң ачылыштарды жасайт деп айтканы да кызык. Балким, коронавируска каршы дарыларды орус илимпоздору табар. Учурда коронавирус илдетин каршы дарыларды бардык мамлекеттер иликтеп жатышат. Кимдер тарабынан табылса да дүйнө калкын оор запкыдан кутултуп, Нобель сыйлыгынын чыныгы ээлери болору бышык.

2020-жылы ушул вирустан улам глобалдуу экономикалык кризис каптайт. Экономикалык кризиске Орусия Федерациясы да кабылат, бирок, бул мамлекет кризистен чыгуунун жолун табат. Нострадамус "Бүтүндөй Жер шарына бейпилдик орноткон адам" дал ушул 2020-жылы чыгат деп айтыптыр. Ал адам башкалардын үмүт-тилегин актайт, тынч жашоого тирек болот экен. А бирок, ал адам каяктан чыгат, жаңы төрөлөбү же өзүнүн тагдыр чечерлик ишмердигин баштайбы, ал жагы түшүнүксүз кала берет. Антсе да, оптимисттик маанайды тартуулайт.

Нострадамустун айтымына караганда, 2020-жылы Жерде чоң-чоң от тутануулар көп болот. Ал эми гегемон-мамлекет кайсы? Буга Нострадамус өзүнүн таамай сөзү менен жооп берген. "Америка башын жоготот. Бул өлкөнү карылыгы өлтүрөт" деген. Балким, 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоо түуралуу сөз болуп жаткандыр. Айтымчы Нострадамус 2020-жылдары Орусияда эмнелер тууралуу оптимисттик маанайда айткан. Европа менен АКШны каптаган кризис Орусияны кыйгап өтүп кетчүдөй. Орусия Федерациясын айтып келип, "Согушту көргөн жокмун, алоолонгон от жана күл көрүнбөйт" деп айткан, баштагыдай эле бөлүнбөс мамлекет бойдон кала берет деген. Айтымга ишенсек, дал ушул Орусия дипломатиялык жана саясий эркин көрсөтүп, бүтүндөй планетада тынчтыкты сактап кала алат жана башка мамлекеттердин агрессивдүү кадамдарын ооздуктай алат. Конфликттерди жакшы жагына чечүү ишинде орусиялык лидер эң башкы ролду ойнойт, анын натыйжасында, планетадагы бейпилдик кылымдар бою сакталып кала берет.

«Өнөктөштөр» баштагыдай эле орусиялык негизге таянат. Көптөгөн өлкөлөрдү вирус каптаганы менен, Орусия, Борбордук Азия ага моюн сунбайт. Келерки жылдын түшүмү ички керектөөнү канааттандыргандан тышкары, кыйын кырдаалга тушуккан кошуна мамлекеттерге да бөлүштүрүүгө жетет. Ушул жылы таланттуу балдардын төрөлүшү көбөйөт деп айткан Нострадамус. Бул жаш генийлер чоңоюшуп, космосту гана багындырбастан, адам баласы жашап кете ала турган дагы бир планетаны ачууга жетишишет. А бирок, ал планетага Жер шарынын бардык эле жашоочулары бара алышпайт...

Нострадамустун дагы бир айтымы кызыгууну жаратат: "Чабалекей өз уясына кайтып келет". Балким, сөз Украина тууралуу болуп жаткан жокпу? Себеби, чабалекей - Украина мамлекетинин символу. Дагы бир жазууда "Үч эже-сиңди биригишет, алардын улуусу баарын кечирет жана таарынычын унутат" делет. Бул эже-сиңдилер - Орусия, Украина жана Белоруссия болушу ыктымал деген ой келет. Белоруссия менен анчалык деле эч нерсе болгон эмес го, ал эми Украина менен Орусиянын мамилеси жагымдуу нукка бурулушу мүмкүн. 2020-жылы Украина жергесинде эң маанилүү саясий жана экономикалык сүйлөшүүлөр өтө турган болуп турат. Ал сүйлөшүүлөргө көптөгөн европалык мамлекеттердин лидерлери катышып, анын жыйынтыгы бардык континенттердин келечегине түздөн түз таасир этмекчи. Жыл аягында Украина менен Орусиянын ортосунда үзүлгөн байланыштар кайра жанданып, мында РФ президенти тынчтык процессинин негизги демилгечиси катары көп нерсени чечет. Жыйынтыктап айтканда, Нострадамус 2020-жылы Орусияны гүлдөп өсүп-өнүккөн жана активдүү мамлекет катары көргөн. Аскердик жана илимий чөйрөдө ири ачылыштар дал ушул мамлекетте боло турганы тууралуу ишенимдүү айткан. Бул держава өзүнүн күчүн жана кубаттуулугун арттырып, анын лидери өз мамлекетинин атуулдарына бейпилдикти жана бакубаттуулукту тартуулайт...

Нострадамустун мындай олуялыгына ишенсек, анда, Орусия менен жакын карым-катнашы бар Кыргызстан үчүн да жаман болбос. Себеби, азыр Орусияда биздин миллионго чукул жердештерибиз иштеп, Кыргызстанга тыйын-тыпыр салып турганын баарыбыз билебиз. Кыргызстандын экономикасы алардын тапканы менен кубаттанып турат деп ачык эле айтабыз. Демек, Орусиянын бакубаттуулугу өз кезегинде биздин республикабызды да бакубаттуулукка чакырып, оптимисттик маанайга үндөсө, анда Кыргызстан үчүн да 2020-жыл жакшы жылдардан болот экен деп жыйынтык чыгара алабыз.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости