www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала качууга шектелген адам эки айга №1 тергөө абагына камалды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынан билдиришти.

Мындай чечим Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынгандыгы такталды. Дагы эки шектүү адам – ​​күйөө баланын эжеси жана анын тууганы үй камагына чыгарылышты.

Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү кыз ала качкан адам камакка алынды деген маалыматты тастыктады.

Эске сала кесек, Бишкекте 21 жаштагы кызды ала качып, Ысык-Көл облусунун Түп районуна алып кетишкен. Жабырлануучунун туугандары аны көптөн бери таба алышкан жок. Натыйжада милиция үч шектүүнү кармашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости