www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын энергетикалык компаниясы Газпром, «Молдовага жөнөтүлгөн жаратылыш газынын бир бөлүгүнүн Украинада калганын» жана кырдаал улана турган болсо 28-ноябрдан тарта Украина аркылуу газ ташуулардын кыскартыла турганын билдирди. Бул тууралуу трт.нет билдирди.

Газпромдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Молдовага жөнөтүлгөн жаратылыш газынын бир бөлүгүнүн Украинада калгандыгынын аныкталганы белгиленди.

Газпромдун Молдова үчүн Суджа точкасына жеткирген газ көлөмүнүн Украинадан Молдовага жөнөтүлгөн газдын көлөмүнөн жогору экенине басым жасалган билдирүүдө: «Молдовага Украина аркылуу берилүүчү транзиттик газдагы тең салмаксыздык улана берсе «Газпром» 28-ноябрдан тарта Суджадан берилүүчү газды азайта баштайт»,- деп кабарланды.

Билдирүүдө Газпромдун бүгүн Суджадан 42,9 миллион кубометр жаратылыш газын ташый турганы белгиленди.

Украина 10-майда Европага кеткен орус жаратылыш газынын үчтөн бир бөлүгү өткөн Сохранивка бөлүштүрүүчү пунктунда газ жеткирүүнү токтоткондуктан газ ташуулар Суджа пунктунан гана уланууда.

Последние новости