www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Францияга эки күндүк расмий сапарын аяктаган соң Ташкентке кайтып келди. Бул тууралуу Өзбекстан мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Шавкат Мирзиёев Франция президенти Эммануэль Макрон менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашкандыгы айтылды. 

Сапардын жүрүшүндө билим берүү, илим, маданий мурастар, жарандык авиация, мамлекеттик кызмат жана коррупция менен күрөшүү тармагында кызматташуу жөнүндө 14 документке кол коюлган.

Өзбекстан президенти Лувр жана Араб дүйнөсү институтундагы Өзбекстандын байыркы маданияты көргөзмөлөрүнүн ачылышына катышты. 

Последние новости