www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Мустафа Шентоптун коштоосунда Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле 2016-жылдын 15-июлундагы мамлекеттик тѳңкѳрүш аракети боюнча маалымат алышты. 

Муну менен катар Төрага Нурланбек Шакиев Мустафа Шентоп менен бирге ошол окуяга арналып тургузулган эстеликке гүл коюп, курмандыктарды эскеришти. 

Белгилей кетсек, Төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоптун чакыруусу менен Анкара шаарына расмий иш сапары менен барган. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Эльдар Сулайманов бар. 

 

Последние новости