www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Карабахтагы Шуша шаарында «Эки тараптуу кызматташууда союздаш болуу жөнүндө» декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

«Бул декларация биздин алаканы эң жогорку баскычка чыгарып жатат. Декларациядагы ар бир пункт биздин келечектеги кызматташуубуздун кепилдиги болот», — деди Алиев.

Мындан мурдараак ММКлар декларацияда Азербайжанда түрк аскерий базасын түзүү да каралашы мүмкүн деп жазган. Алиев аскердик кызматташуу кол коюлган документтеги маанилүү бөлүктөрдүн бири экенин белгилеген.

«Декларацияда эл аралык деңгээлде, саясий, экономикалык, соода-алака, маданият, билим берүү, спорт, түштүк газ коридору, энергетикалык коопсуздук боюнча кызматташуу сыяктуу маселелер камтылган. Бардык маселе маанилүү. Бирок мен экөөнө токтоло кетейин. Алар: Азербайжан менен Түркиянын коргонуу өнөр жайы жана өз ара аскерий жардам көрсөтүү багыттары боюнча кызматташуусу», —  деди Азербайжандын президенти.

Эрдоган Карабахты калыбына келтирүү боюнча биргелешкен пландар бар экенин айткан.

«Орусия, Түркия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Ирандын катышуусу менен алты тараптуу аянтчанын алкагында иштөөнү сунуштадык. Анын негизинде (бул – ред.) аймактын гүлдөп-өсүшүн каалайбыз. Ал үчүн президент Алиев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана менде чечкиндүүлүк бар», — деди Эрдоган.

Ошондой эле ал Шуша шаарына Түркиянын башкы консулдугун ачуу пландалганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости