www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Президентин шайлоого катыша турган талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн «Элдик Банк» жана «АБанк» аныкталды.

Бул чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы 25-сентябрдагы жыйынында кабыл алды.

Маалыматка ылайык, 2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддору үчүн атайын эсептер аталган банктарда ачылат.

Ошондой эле талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын киргизүү үчүн бул жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелерин пайдаланууга уруксат берилди.

Мыйзамга ылайык, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер жана талапкер көрсөткөн саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фондун түзүүгө милдеттүү.

Шайлоо фонддору талапкердин же саясий партиянын өздүк каражаттарынан, ошондой эле жарандар менен юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарынан түзүлөт.

Фонддогу каражаттар шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу чыгымдарга гана максаттуу пайдаланылышы керек.

Последние новости