www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын «Агрардык чарба» муниципалдык ишканасы быйыл 89,3 тонна дан эгиндерин жыйнап алды. Анын 64,7 тоннасын буудай, 24,6 тоннасын арпа түзөт.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-сентябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев муниципалдык ишканага барып, түшүм жыйноо жана күздүк айдап-себүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Учурда ишканада күздүк айдоо жана себүү иштери башталды.

Ошондой эле айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн ишкананын гаражы керектүү техникалар менен толукталган.

Бул жер иштетүү, себүү жана түшүм жыйноо иштерин өз убагында жүргүзүүгө шарт түзөт.

Последние новости