www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борборду түштүккө көчүрүү идеясы бүгүн эле пайда болгон жок. Бул тема мурунтан эле коомдук жана саясий чөйрөдө талкууланып келет. Бирок акыркы учурда бул маселеге Феликс Кулов сыяктуу мурдагы саясатчылардын аралашуусу — идеянын маанисине көлөкө түшүрүп, элди талаш-тартышка багыттап жатканы байкалууда.

Кыргызстан үчүн борборду көчүрүү маселеси — тагдыр чечүүчү маселелердин бири. Бул жөн гана административдик имараттарды жылдыруу эмес, өлкөнүн регионалдык тең салмактуулугун камсыз кылуу, түштүк аймакты өнүктүрүү жана улуттук биримдикти чыңдоо үчүн олуттуу кадам болмокчу.

Кеп борбордо эмес — кеп адилеттүүлүктө

Эл ичинде “Борборду түштүккө көчүрүү” идеясы бышып жетилди. 1924-жылы борбор тандап жатканда негизги критерий — Ташкенден алысыраак болуу жана логистикалык ыңгайлуулук болгон. Ошондо Ош, Манас, Токмок шаарлары да каралган, бирок акырында Бишкек тандалган. Азыр болсо заман өзгөрдү — калктын көпчүлүгү түштүктө, экономикалык активдүүлүк да ошол тарапта жогору. Борборду түштүккө жылдыруу сунушу — аймактык тең салмактуулукту камсыз кылуу аракетинин логикалык уландысы.

Эл аралык мисалдар бул кадамдын тууралыгын тастыктап турат.

Мисалы:

  • АКШда борбор — Нью-Йорк эмес, Вашингтон;
  • Кытайда — Шанхай эмес, Бээжин;
  • Казакстанда — Алматыдан Астанага көчүрүлдү.

Демек, мындай кадам — дүйнөлүк практикада бар, мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык чечим катары каралышы керек.

Тарыхтан сабак: 1924-жылдан бүгүнкү күнгө чейин

1924-жылы СССРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндө, борбор тандоо маселеси көтөрүлгөн. Ошол кезде төрт шаар каралган: Бишкек, Ош, Манас жана Токмок. Бирок жаратылыш кырсыгы (суу каптоо) жана саясий жагдайлар Бишкекти борбор кылууга себеп болгон.

Бул кадам аркылуу кыргыздар бирдиктүү улут катары калыптанып, эне тил, маданият жана мамлекеттик башкаруу системасы бекемделди. Ушул жетишкендикке башка айрым байыркы элдер — мисалы уйгурлар — азыркыга чейин жете албай келишет.

Феликс Кулов — "серый кардинал"бы?

Кээ бирөөлөр Феликс Куловду “кыргыздын серый кардиналы” катары көрсөтүүгө аракет кылышат. Бирок мындай чоң, мамлекеттик мааниге ээ теманы көтөрүүдө анын моралдык укугу барбы — бул чоң суроо.

Өкмөттүн жогорку өкүлдөрү, анын ичинде Вице-премьер-министр Камчыбек Ташиев да бул маселе күн тартибинде жок экенин белгилеп, Куловдун демилгесин расмий түрдө четке какты. Мындан улам, бул сунуш жогорку деңгээлде колдоого ээ боло албасы айкын болууда.

Куловдун өткөндөгү ишмердүүлүгү — коомдук ишенимге шек туудурат

Феликс Кулов Кыргызстандын ар кайсы бийлигинде жогорку кызматтарда иштеп, бирок ар биринде түрдүү талаш-тартыштар менен эсте калган. Ал кызмат учурунда:

  • Кыргызстандын аскердик техникаларын Тажикстанга сатууга уруксат берген документтерге кол койгондугу;
  • 1990-жылдарда Орусия менен болгон 238 миллион долларлык карыз маселеcинде жоопкерчилик алып жүрөт деген дооматтар айтылып келет;
  • Өлкөнүн металл ресурстарын жана башка активдерин сатууга байланыштуу фактылар коомчулукта кеңири талкууланган.

Анын саясий карьерасы ар дайым бийликтеги өзгөрүүлөр менен коштолуп келген. Ар кайсы президенттердин тушунда кызматка келип, кайра оппозицияга өтүп, андан соң эл арасындагы ишенимди жоготкон учурлары арбын.

Жыйынтык: идея маанилүү, бирок демилгечиси ишенимдүү болушу керек

Борборду түштүккө көчүрүү маселеси — саясатчылардын амбициясынан жогору турган улуттук деңгээлдеги маселе. Бул кадам коомду бириктирип, мамлекеттин регионалдык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүшү мүмкүн. Бирок ал үчүн демилгечи адам коомдо таза абройго ээ болушу керек.

Мындай олуттуу маселени саясатта “жыргал таап калуу” үчүн колдонууга болбойт. Болбосо, коомдо бул демилгеге каршы пикирлер жаралып, идеянын өзү дискредитацияга учурашы мүмкүн.

Борборду көчүрүү маселеси — референдум аркылуу, элдин макулдугу менен чечилиши зарыл болгон маселе.

Азизбек Келдибеков, NazarNews

Последние новости