www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында Черногория мамлекетинин Плузин шаарында жалкоолук боюнча чемпионат башталган. Сынактын шарты боюнча эң көп төшөктө жаткан катышуучу жеңүүчү деп табылат. Бул тууралуу The Montenegro Times басылмасы жазды.

Мелдешке Орусия, Украина, Түркия жана Сербиядан 20 катышуучу катышууда. Алардын баары төшөктө жатышат. Катышуучулар бардык керектүү нерселер менен камсыздалат - тамак-аш, суусундуктар, интернет жана ар бир сегиз саатта 15 мүнөттүк тыныгуу. Уюштуруучулар ошондой эле сынакка катышуучулар психологдун жардамы менен тандалып алынганын жарыялашты.

Бул ирет биринчи жолу чемпионат Instagram жана YouTube сайттарында түз эфирде көрсөтүлүүдө. Буга чейинки сынак 2023-жылы өтүп, Лидия аттуу катышуучу 50 күн төшөктө жатып жеңишке жетишкен. Учурда ал кайрадан сынакка катышып, 2026-жылга чейин уктайт деп ишенет.Уюштуруучулар кийинки жылы төшөктөрдү көчөгө алып чыгууну пландоодо.

Маалыматка ылайык, жеңүүчүгө Subaru унаасы жана 2 миң евро ыйгарылат.

Шехраз Жалгашев, Ташкен

Последние новости