www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия жыйында «Шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде массалык маалымат каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартиби жөнүндө» жобону бекитти.

Жобого ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкан массалык маалымат каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жол-жоболорун санариптештирүү максатында адистештирилген автоматташтырылган система киргизилүүдө.

Жаңы система аркылуу аккредитациялоого электрондук арыздарды кабыл алуу, текшерүү, кароо жана маалыматты жарыялоо процесстери автоматташтырылат.

Система аккредитациялоо процессинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылуу менен ар бир арыз боюнча өзгөртүүлөрдүн тарыхын сактап калат.

Последние новости