www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунда ок атуучу куралдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында өткөрүлгөн «Арсенал» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы жыйынтыкталды.

Иш-чара 24–27-август күндөрү өткөрүлүп, анын алкагында ок атуучу куралы бар 580 жаран жана курал сакталган 25 объект текшерилди.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзамсыз сакталган төрт ок атуучу курал аныкталып, алынган. Алардын бири сайлуу, үчөө сайсыз курал болгон.

Мындан тышкары, жарандар өз ыктыяры менен сегиз ок атуучу куралды тапшырышкан. Алардын бири сайлуу, жетөө сайсыз курал.

Куралды сактоо жана пайдалануу талаптарын бузган 25 жаранга административдик протокол түзүлүп, мыйзамга ылайык чаралар көрүлдү.

Жалпысынан иш-чаранын жүрүшүндө 37 ок атуучу курал алынган.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды ок атуучу куралдарды сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу боюнча мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.

Последние новости