www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Париж прокуратурасы Парагвайдын сенатору Селеста Амарильяга карата Франциянын улуттук курама командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппеге байланыштуу расисттик билдирүүлөрү үчүн тергөө ишин баштады. Бул тууралуу RMC Sport агенттиги маалымдады.
Франция менен Парагвайдын беттешинде жалгыз голду Килиан Мбаппе 70-мүнөттө пенальтиден киргизген. Оюндан кийин Парагвайдын дарбазачысы Орландо Хиль футболчуга кол сунган, бирок Мбаппе анын саламын албай өтүп кеткен. Буга жооп кылып дарбазачы топту анын артынан ыргытып жиберген.
Беттештен кийин сенатор Селеста Амарилья социалдык тармактагы баракчасына: «Камерундан чыккан, колониялашкан адам өзүн жан үрөп француз кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатат», ошондой эле «жазганды да үйрөнө элек акылсыз» деген мазмундагы билдирүү жарыялаган.
Мбаппе буга жооп кылып Амарильяны «ээлеген кызматына татыксыз, жийиркеничтүү аял» деп атаган. Франциянын президенти Эммануэль Макрон, ФИФАнын президенти Джанни Инфантино жана Франциянын футбол федерациясы оюнчуну колдошту. Федерация прокуратурадан бул окуя боюнча тергөө жүргүзүүнү өтүнгөн.
Прокуратура сенаторго карата улутуна, расасына, тегине же диний ишенимине байланыштуу эл алдында мазактоо беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Франциянын мыйзамдары боюнча мындай кылмыш үчүн бир жылга чейин эркинен ажыратуу жана 45 миң еврого чейин айып пул каралган.
Селеста Амарилья Франциянын ага каршы иш козгоого укугу жок экенин билдирген. Ал эми Парагвай өкмөтү сенатордун сөздөрүн айыптап, анын жеке пикири өкмөттүн же өлкө элинин расмий позициясын билдирбей турганын белгиледи.