www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Даниянын иммиграция иштери боюнча министри Мортен Бедсков өлкө аймагында азанды үн күчөткүчтөр аркылуу берүүгө толук тыюу салууну сунуштады.
Министрдин айтымында, мусулмандардын намазга чакырыгы болгон азан Даниянын шаарларынын коомдук мейкиндигинде үн күчөткүч аркылуу жаңырбашы керек. Ал бул маселени өлкөнүн коомдук мейкиндигин жөнгө салуу жана жалпы эрежелерди бирдей колдонуу зарылдыгы менен байланыштырган.
Учурда Копенгаген жана айрым башка шаарларда азанды үн күчөткүч аркылуу айтууга жергиликтүү ызы-чуу боюнча эрежелерге ылайык чектөөлөр киргизилген. Бирок мындай тыюу азырынча жалпы өлкө боюнча мыйзам деңгээлинде кабыл алынган эмес.
Белгилей кетсек, буга чейин да Данияда азанга байланыштуу чектөөлөрдү күчөтүү демилгелери көтөрүлгөн. Ошол эле учурда адистер бул жолу да сунуш өлкөнүн Конституциясында кепилденген дин тутуу эркиндигине байланыштуу юридикалык талаш-тартыштарды жаратышы мүмкүн экенин белгилешүүдө.