www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаары жана Ош облусу боюнча Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы тарабынан Өзгөн районунда жайыт жерди мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Жылалды айылынын Беш-Кепе тилкесинде жайгашкан жайыт жерден мыйзам бузуу катталганы белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, Прогресс айылынын тургуну З.Т. болжол менен 100 чарчы метр жайыт жердин асылдуу катмарын өз алдынча сыйрып алган.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 Жарлыгынын талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында акт түзүлүп, жазма буйрук берилди жана укук бузуу жөнүндө протокол толтурулду.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 239-беренесине ылайык жаранга 3 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары, жайыт жердин асылдуу катмарына келтирилген зыян 51 120 сом деп бааланып, доо коюлду.
Учурда бузулган жер тилкесин баштапкы абалына келтирүү милдети жерди бузган жаранга жана тиешелүү айыл өкмөтүнө жүктөлдү.