www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык иштери жүрүүдө.

Бүгүн, 7-августта, ат майдандын учурдагы абалы менен жеринде таанышуу иштери жүргүзүлдү.

Чолпон-Атадагы ат майдан кыргыз элинин улуттук мурасын жана көчмөндөр маданиятын дүйнөгө тааныткан маанилүү жайлардын бири болуп саналат. Дал ушул жерде кыргыз элинин тарыхы, каада-салты жана улуттук ат оюндары эл аралык деңгээлде таанытылып келет.

Алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү, ат чабыш жана башка улуттук ат оюндары боюнча негизги мелдештер ушул жерде өткөрүлөт.

Маалыматка ылайык, объект заманбап талаптарга ылайыкташтырылып жаңыланып, спортчулар жана көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда Чолпон-Ата ат майданы Кыргызстандагы маанилүү спорттук-маданий объекттердин бири катары эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө даярдалып жатат.

Последние новости