www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-августта Баткен облусунун Лейлек районунда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана депутат Чынгыз Ажибаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Жыйынга Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда аймактагы күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер, анын ичинде чек ара коопсуздугу, өткөрмө пункттарындагы абал жана кызмат көрсөтүүнүн сапаты талкууланды.

Болот Ибрагимов деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте, катаал шартта чек ара тосмолорун орнотуп жаткан аскер кызматкерлерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми депутат Чынгыз Ажибаев кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө пункттарында тартипти жакшыртуу, ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн келген туристтерге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер тарабынан сылык мамиле жасалышы керектигин айтты.

Жыйын соңунда көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.

Последние новости