www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва олуттуу кызматташууга даяр экенин көрсөтсө, АКШ бийлиги Орусия менен дипломатиялык сүлөшүүнү улантат. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жума күнү Би-би-си телерадиоберүү корпорациясына берген интервьюсунда билдирди. «Биз ар дайым дипломатия жана диалог үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издейбиз», - деди Блинкен Украинанын тегерегиндеги кырдаалды дипломатиялык жол менен жөнгө салуунун келечеги тууралуу суроого жооп берип жатып.

«Бул толугу менен (Орусия президенти) Путин менен Орусиядан көз каранды. Эгер алар олуттуу дипломатияга даяр экенинин кандайдыр бир белгилерин көрсөтсө, албетте, биз да катышабыз. Биз украиналык өнөктөштөрүбүзгө да таянабыз. Алар Орусия Федерациясы менен сүйлөшөт, бирок ал сүйлөшүүдөн жыйынтык чыкпай жатат», - деди мамлекеттик катчы.

Эске салсак, 24-февралда Путин Донбасс жумурияттарынын жетекчилеринин жардам сурап кайрылуусуна жооп катары Украинага каршы согуш баштаган. Андан соң АКШ, Евробиримдик, Улуу Британия жана башка бир катар мамлекет орусиялык жеке жана катталган уюмдарга каршы санкцияларды жарыялаган.

28-февралда Гомель облусунда биринчи орус-украин сүйлөшүүсү болуп, жолугушуу беш саатка созулду. Орусиялык делегацияны президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп келген. Анын айтымында, делегация украин тарап менен макулдашууга жетишүү үчүн канча убакыт керек болсо, ошончо убакыт сүйлөшүүгө даяр.

Экинчи айлампа 3-мартта Беловежская пущада өттү. Мединский украин тарап менен жетишилген макулдашууларды олуттуу жылыш деп атады. Тактап айтканда, Москва менен Киев калк үчүн гуманитардык коридорлорду ачууга макулдашкан. Диалогдун үчүнчү айлампасы жакынкы күндөрү болоору күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости