www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте ток урган 9 жаштагы бала каза болду

Бишкек шаарында электр тогуна урунуп оор жаракат алган 9 жаштагы бала каза болду.

Бул тууралуу анын апасы социалдык тармактар аркылуу билдирди.

Эске салсак, кырсык 26-июлда борбор калаанын 6-кичи районундагы Айтиев көчөсүнүн боюндагы арыктын жанында болгон.

Ал жерде ойноп жүргөн балдар сууга жакындаганда алардын айрымдары электр тогунун соккусун сезишкен.

Алдын ала маалымат боюнча, балдардын көбү өз убагында артка чегинүүгө үлгүргөн.

Ал эми 9 жаштагы бала токко урунуп, катуу соккудан улам оор жаракат алган.

Жабырлануучу эс-учун жоготкон абалда Шаардык балдардын тез медициналык жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Дарыгерлер анын абалын өтө оор деп баалашкан.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан сотко чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат.

Последние новости