www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Аламүдүн районунда ооруканага түшкөн 16 жаштагы өспүрүмдүн окуясы боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-июлда өспүрүм "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Ал Арашан айылындагы көчөлөрдүн биринен эс-учун жоготкон абалда табылган.

Дарыгерлер алдын ала ага психотроптук затка ууланган деген диагноз коюшкан.

Учурда өспүрүмдүн абалы турукташып, эсине келгени маалымдалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуяга чейин өспүрүм менен чогуу жүргөн тааныштары аны ошол жерге таштап кетишкен.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

Последние новости