www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу курулуш-монтаждоо иштерине убактылуу чектөө киргизилди.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти шаардагы курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, коопсуздук жана инфраструктуралардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу маселелерин талкуулады.

Маалыматка ылайык, 30-августтан тартып үч күнгө Бишкекте курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жана оор атайын техникаларды пайдаланууга убактылуу чектөө коюлат.

Чектөө эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, транспорттук жана инженердик инфраструктуралардын үзгүлтүксүз иштешине шарт түзүү максатын көздөйт.

Жыйында ошондой эле курулуш объектилеринде атайын техникаларды туура пайдалануу, инженердик жана энергетикалык коммуникацияларга зыян келтирбөө жана коопсуздук талаптарын сактоо боюнча эскертүүлөр берилди.

Энергетикалык көзөмөл органдарынын жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын өкүлдөрү курулуш компанияларын энергетикалык объектилерге жакын аймактарда иш алып барууда өзгөчө этият болууга чакырышты.

Последние новости