www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорттук прокуратуранын текшерүүсүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл аймактык транспорт башкармалыгында эки жаран жасалма диплом менен инспектор болуп иштеп жүргөнү аныкталды.
Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар жумушка орношууда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атынан берилген жогорку билим тууралуу дипломдорду көрсөтүшкөн.
Текшерүүдө жарандар аталган окуу жайларда окубаганы жана көрсөткөн дипломдору жасалма экени тастыкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документтерди жасалмалоо») менен эки кылмыш иши козголду.
Учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.