www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Жон Рэтклифф Орусияда кармалган америкалык жарандардын бошотулушуна жетишти.

Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы маалымдады.

Басылманын маалыматына караганда, АКШ президенти Дональд Трамп Жон Рэтклиффти сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Москвага жеке өзү жөнөткөн.

Маалыматка ылайык, ЦРУнун башчысы орус тарап менен Орусияда кармалып турган америкалык жарандарды бошотуу маселесин талкуулап, натыйжада алардын эркиндикке чыгышына жетишкен.

Бирок азырынча Орусиянын да, АКШнын да бийликтери америкалыктардын бошотулганы же эки өлкөнүн ортосунда туткун алмашуу болгону тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Последние новости