www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында коомдук тартипти бузууга байланыштуу эки жаран жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер органдары билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактардын кыргыз сегментинде эки кыздын катышуусундагы видео кеңири тараган. Анда кыздар коомдук жайда жүрүп, бири-бирин сөгүп, орой сөздөрдү айтып, жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузганы, ошондой эле алардын ортосунда мушташ болгону көрүнгөн.
Аталган факт боюнча материал Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери окуяга катышкан жарандардын өздүгүн аныктап, аларды Свердлов РИИБине жеткиришкен. Алар 2004-жылы туулган А.Ш. жана 2007-жылы туулган К.С. экени белгилүү болгон.
Аталган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протоколдор түзүлгөн.
Материалдар сотто каралганга чейин эки жаран тең Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда окуя боюнча тиешелүү процесстик иштер жүргүзүлүүдө.