www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди жана казак элин өлкөнүн Курултай депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.
«Жарандардын эркин билдирүүсүнүн жыйынтыгында түзүлгөн Курултай Казакстан Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, укуктук жана коомдук-саясий институттарды өркүндөтүүгө, ошондой эле өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга олуттуу салым кошот деп ишенем.
Сиздин жетекчилигиңиз менен жүргүзүлүп жаткан реформалар мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына, элдердин бакубаттуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө кызмат кыларын белгилейм.
Кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да бекемделип, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы, ошондой эле бүткүл Борборд Азиядагы тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн жаңы мазмун менен толуктала берет деп ишеним артам.
Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», - деп айтылат Жапаровдун куттуктоо катында.