www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев ыйык Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу ал журналист Семетей Аманбековго берген маегинде билдирди.

Шаар башчысынын айтымында, объекттин азыркы макамы Сулайман-Тоонун айланасындагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө чектөө коюп, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга тоскоол болууда. Ал муниципалитет тоого жакын жайгашкан аймактардагы курулуш иштерин ЮНЕСКО менен макулдашууга аргасыз экенин белгиледи.

Мисал катары Жанар Акаев ишкер Нариман Түлеевдин «Сулайман Парк» соода борборунан тоого чейин асма жол (канат жол) куруу сунушун келтирди. Мэрдин айтымында, ЮНЕСКОнун талаптарына байланыштуу бул долбоор ишке ашпай калган.

Ошол эле учурда Акаев Сулайман-Тоону кафе-ресторандар менен курулушка толтуруу же аны башаламан соода жайына айлантууга жол бербестигин белгиледи.

«Сулайман-Тоонун тарыхый баалуулугу сакталууга тийиш. Бирок велосипед тебүүгө, сейилдөөгө жана отургучтарда эс алууга шарттар түзүлүшү керек. Бул туристтердин агымын көбөйтөт», — деди ал.

Мэр бул маселени маданият министри Мирбек Мамбеталиев менен буга чейин талкуулаганын жана Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгаруу боюнча расмий кайрылуу жөнөтүүнү көздөп жатканын билдирди.

«Мен Мирбек Кемеловичке тамашасыз айтып жатам. Жакында Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгаруу тууралуу расмий кайрылуу жөнөтөм. Мен ага оозеки түрдө ушул маселени ойлонуп көрүүнү сурандым. Ал таң калды, бирок каршы да болгон жок, макулдук да берген жок. Ойлонуп калды», — деп билдирди Жанар Акаев.

Белгилей кетсек, Сулайман-Тоо Ош шаарынын жана жалпы Кыргызстандын түштүк аймагынын эң башкы тарыхый-маданий символдорунун бири болуп саналат. 2009-жылы бул тоо өзгөчө маданий жана руханий баалуулукка ээ объект катары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Последние новости