www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 11-июль күнү Бишкек шаарынын мэриясына жана Бишкек ШИИББге 13-июль күнү саат 11:00дон 12:00го чейин Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында тынчтык митингин өткөрүү жөнүндө кайрылуу менен жаран Т.А. кайрылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Бирок ошол эле күнү Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысынын Биринчимай району боюнча орун басары А. Малдыбаев тарабынан  жаран Т.А. кабарлама жөнөтүлүп, анда Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын буйругуна ылайык 2020-жылдын 12-май күнүнөн баштап спорттук, коомдук жана башка иш-чараларды өткөрүү Бишкек шаарынын аймагында убактылуу токтотулган жана андан сырткары коронавирус илдетине «COVID-19» байланышкан Бишкек шаарындагы Өзгөчө кырдаал режимин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Тынчтык митингин өткөрүү жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырышына чейин жогорудагы иш-чарасын өткөрүү убактысын өзгөртүү сунушталган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” Мыйзамында жугуштуу оорулардын пайдап болуу жана жайылуу коркунучу бар учурда чектөө иш-чаралары (карантин), анын ичинде массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Тыюу салууга жана кабарлама алгандыгына карабастан, 25-30 тегерегиндеги белгисиз адамдар 2020-жылдын 13-июлунда болжол менен 11:20 чамасында Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтынын ар кайсы бөлүгүндө чогулушкан. Ушуга байланыштуу, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана “Тынчтык митинги  жөнүндө” Мыйзамдын талаптарын бузууну болтурбоо боюнча  алдын алуу иш-чараларын өткөрүү үчүн топтолгондордун ичинен Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБге төмөнкү жарандар жеткирилди: 1999-жылы туулган С.Ж., 1993-жылы туулган Р.А., 1997-жылы туулган Ж.А., 1998-жылы туулган Ж.Н., 2003-жылы туулган Н.Б., 1991-жылы туулган З.А., 1998-жылы туулган Ж.А., 1990-жылы туулган Т.К.. Баардыгы Бишкек шаарынын жашоочусу болушат.

Жогорудагы көрсөтүлгөн бардык жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң кое берилди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости