www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айыл аймактарында жайгашкан курулуш жана өндүрүш объектилерине инвентаризация жүргүзүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, текшерүү кум-шагыл аралашмасын казып алуу жана иштетүү менен алектенген объектилерди камтыды. Алардын арасында бетон аралаштыргыч, майдалоо-сорттоо жана эритме-бетон орнотмолору, ошондой эле кирпич заводу бар.

Инвентаризациянын жыйынтыгында жалпы 18 объект текшерилип, алардын жетөө мыйзамдуу негизде иш жүргүзүп жатканы аныкталды. Калган объектилерде шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзам талаптарынын сакталышы, долбоордук жана уруксат берүүчү документтердин болушу текшерилди.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерге административдик чаралар көрүлүп, жалпы суммасы 1 млн сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, «Сэнд», «Авира Групп», «Масер Микс», «Вайлер Строй» жана «Жагалман» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ишмердүүлүгү да каралды.

Учурда калган объектилер боюнча текшерүү иштери улантылууда.

Последние новости