www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-июлда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев каза болгон эки дарыгерге "Эмгектин баатыры" наамын ыйгарды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматына шилтеме берип казак басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өзүнүн милдетин аткарууда көрсөткөн мыкты кызматтары үчүн Жогорку даражадагы "Эмгектин баатыры" наамы, "Алтын жылдыз" жана "Отан" ордендери менен Көкшетау шаардык көп тармактуу ооруканасынын дарыгери Исаев Олег Николаевич жана Актөбө облусунун аймактык клиниканын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башкы дарыгери Козбагаров Калихан Эсбосынович (каза болгондон кийин) сыйланды.

Олег Исаев 10-июлда 53 жашында коронавирус инфекциясынан көз жумган. Ал эми Калихан Козбагаров дагы 10-июлда 59 жашында пневмониядан каза болгон.

Эске сала кетсек, бүгүн, 13-июль Казакстанда коронавирустан каза болгондорду эскерүү күнү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости