www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек милициясы бүгүн 13-июлда Ак үйдүн жанында акция өткөрүү үчүн чогулгандардын арасынан сегиз киши кармалып, кайра коё берилгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-30га жакын адам тыюуга карабастан аянттын ар кайсы жерлерине чогулган. Санитрадык-эпидемиологиялык талаптардын бузулушуна жол бербөө жана “Тынч митингдер жөнүндө” мыйзамга ылайык алардын арасынан эң активдүү деген сегизи түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалып, Биринчи май райондук милициясына жеткирилген. Баары тең Бишкек шаарынын тургундары экени аныкталды.

Ички иштер башкармалыгы Ала-Тоо аянтында бир сааттык тынч митинг өткөрүү тууралуу кайрылуу мэрияга жана милицияга 11-июлда келип түшкөнүн, бирок Жарандык коргонуу комиссиясынын буйругуна ылайык шаарда эпидемиологиялык абалга байланыштуу спорттук, оюн-зоок жана башка иш-чараларды өткөрүүгө 12-майдан бери тыюу салынгандыктан акцияны башка күнгө которо туруу керектиги айтылганын билдирди.

13-июлда Ак үйдүн жанында чогулгандардын айрымдарын милиция кармап кеткен. Өзүн Кудайберген уулу Тилекмат деп тааныштырган адам "Жарандык активисттер альянсы" деген кыймыл бүгүн ошол жерде "Шайлоого жол жок!" акциясын уюштурганын, бирок алардын лидерин "транспаранттары жана микрофону менен кошо кармап кетишкенин" журналисттерге айтып берген:

"Бизге эч нерсе түшүндүрүшкөн жок. Болгону, "Бийликти күч менен алууга аракет жасоо" беренеси менен иш козгоп коюшканы маалым болду. Эл согуштагыдай өлүп жатат. Биз шайлоо болбосун деген жокпуз, мөөнөтүн жылдыралы, шайлоого деген 700 миллионду элди аман алып калууга жумшайлы деп гана айтып жатабыз.

Белгилей кетсек, буга чейин бир катар саясатчылар жана коомдук ишмерлер эпидемиологиялык абалды эске алып, өлкөдө өзгөчө абал киргизүү аркылуу парламенттик шайлоону жылдырууну сунуш кылышкан.

Социалдык түйүндөрдөгү талкууларда бул демилгени колдогондор да, «эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү элди сыйлабастык болот» дегендер бар. БШК шайлоону эпидемияга карабастан өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирип жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка 3-июлда кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости