www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билл Гейтс дүйнө эли COVID-19ду качан жеңерин айтты

"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс дүйнө эли 2 жарым жыл ичинде аты жаман жугуштуу илдетти (коронавирусту) толук жеңип чыгарын айтты. Бул туурасында ал басылмаларга берген маегинде айтканын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"Менде ушундай бир сезим пайда болду - 2021-жылдын аягы 2022-жылдын башында дүйнө жүзү коронавирус пандемиясын толук жеңип чыгат", - деген Гейтс.

Ошондой эле ал эки жарым жыл ичинде дүйнө эли COVID-19ду жеңерине ишенерин белгилеп өттү.

"Жылдар өтө берет, ал эми биз мурунку жашообузга акырындык менен кайта беребиз. Бул Биринчи дүйнөлүк же Экинчи дүйнөлүк согуш эмес, бирок бардык системге чоң негатив тартуулаган жагдай", - деген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости