www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путиндин кызы жаңы коронавирус илдетине каршы вакцинаны сынап көрдү. Бул тууралуу Путиндин өзү жарыялады, деп билдирет РИА Новости.

«Менин кыздарымдын бири эмделди. Ал тестирлөөгө катышты", деди Путин өкмөттүн жыйынында. Президент «вакцина жиберилген күнү кызынын температурасы 38 градуска көтөрүлгөнүн айтты. Эртеси ал 37 градустан жогору болду», деген.

Бирок вакцинаны даярдаган Гамалеи борборунун директору Александр Гинцбург Путиндин кызынын кандайча эмделгенин билбегенин айтты.

“Мен ыктыярчы болгондуктан паспортторду көргөн жокмун. Ыктыярчылардын бардыгын жүзүнөн тааныбайм. Азыр сизден угуп жатам”, - деди Гинцбург.

Буга чейин Путин дүйнөдө биринчи коронавирус вакцинасы Россияда катталганын кабарлаган. Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко бул дары натыйжалуу жана коопсуз экендигин далилдеди.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости