www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү 2 судьяга ротация жасалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков айрым жергиликтүү сотторду которуу (ротациялоо) жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө андан ары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Абылакимов Абдимиталип Абдибалиевич Жалал-Абад облустук сотунан Баткен облустук сотуна, Жороев Султангазы Золотунович Баткен облустук сотунан Жалал-Абад облустук сотуна которулду.

Буга байланыштуу «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мындай ротациялоо процедурасы эки тараптын тең судьяларынын макулдугу менен ишке ашырылат.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости