www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баку шаарында "Ичеришехер" мамлекеттик тарыхый-архитектуралык коругунун аймагында, Азербайжандын башкы көрүнүктүү жери болгон "Кыз мунарасынын" жанында Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги тарабынан кыргыз элинин маданиятын жана каада-салттарын чагылдырган көргөзмө уюштурулду.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, түрк өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, ошондой эле Азербайжандын борборунун тургундары жана коноктору катышты.
Көргөзмөнүн негизги элементи катары ички жасалгасы менен кыргыз боз үйү орнотулду. Конокторго кыргыз улуттук ашканасы, улуттук оюндары жана кыргыз баатырларынын жоокердик кийимдеринин элементтери көрсөтүлдү. Кыргыз музыкалык чыгармаларынын аткарылышы менен чакан маданий программа тартууланды.
Көргөзмөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын туризм тармагындагы потенциалы жана экспорттук продукциясы дагы презентацияланды.
Иш-чара катышуучулардын кызыгуусун жаратып, аларга кыргыз элинин маданий мурастары, ошондой эле Кыргызстандын туристтик жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга мүмкүндүк берди.
Көргөзмө 2026-жылдын 2-апрелине чейин иштейт.