www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо, ошондой эле кылмыштарга бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери калк, мектеп окуучулары, ата-энелер жана мугалимдер менен көчмө жолугушууларды өткөрүп, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында уюштурулган «Зомбулуксуз келечек» аттуу форумуна катышты. Бул тууралуу ИИМнин маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери гендердик эксперт менен биргеликте окуучулар менен мектеп рэкети, буллингдин алдын алуу, эрте никеге турууну болтурбоо темаларында жолугушууларды өткөрүшүп, ошондой эле балдар жана кыздар үчүн өз-өзүнчө лекция-маектер уюштурушту. Өзгөчө көңүл киберкоопсуздук жана интернет кылмыштары маселелерине бурулду.

Ата-энелер үчүн позитивдүү тарбия жана балдар менен туура мамиле түзүү боюнча маектер өткөрүлсө, мугалимдер үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана окуучулар арасындагы укук бузууларды болтурбоо боюнча лекция уюштурулду.

Мектептеги жолугушуулардан кийин үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, балдардын укуктарын коргоо жана укук бузуулардын алдын алуу маселелерине арналган «Зомбулуксуз келечек» аттуу форуму болуп өттү. Иш-чарага Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары, прокуратура, билим берүү мекемелери, гендердик эксперт жана шаар тургундары катышты.

Мындан тышкары, Ички иштер министрлигинин  кызматкерлери Балыкчы шаарындагы «Бактылуу балалык» борборуна барып, юридикалык жана социалдык жардамга муктаж аялдарга консультация беришти.

Белгилей кетсек, өткөрүлүп жаткан мындай иш-чаралар калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, коомдук коопсуздукту чыңдоого жана балдар менен өспүрүмдөр үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө багытталган.

Последние новости