www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14–17-май күндөрү Филиппин Республикасынын Манила шаарында каратэ WKF боюнча дүйнөлүк рейтингдик “Karate One Youth League” турнири болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мелдешке дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 1000ден ашуун спортсмендер күч сынашты.
Кыргызстандын атынан 10 спортсмен катышып, анын төртөө байгелүү орундарга ээ болушту.
U14 жаш курагы боюнча Хван Данил (-50 кг) биринчи орунду ээлеп, алтын медалга татыды.
Ал эми төмөнкү спортсмендер коло медалдын ээлери болушту:
Турусбеков Улукбек (-55 кг)
Даян Деря (+66 кг)
Кобелев Илья (+76 кг)