www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан өлкө аймагындагы унаа жолдорунун абалын жакшыртуу, коопсуздукту камсыздоо максатында тынымсыз иштер аткарылууда.
Учурда төмөнкү багыттар боюнча активдүү жумуштар жүрүп жатат.
№955 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 220-269.9-чакырым аралыгында автогрейдер менен жол жээктерин кырып-сүрүү иштери аткарылууда. Ошондой эле, суу өтүүчү түтүктөрдү тазалоо жана жолдун суу жеген бөлүктөрүн калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө.
№957 Жол тейлөө ишканасы аталган жолдун 390-405-чакырымдарында жол жээктерин таштандылардан арылтуу жана бетондук тосмолордун түптөрүн тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.
Ал эми №18 жол тейлөө ишканасы Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 243-296-чакырым аралыгындагы Арал — Казарман тилкесинде тоо бетинен кулап түшкөн таштарды атайын техникалардын жардамы менен тазалоодо. Ошондой эле, 305-325-чакырымдарда жолду кеңейтүү жана таштандылардан арылтуу жумуштары аткарылды.
№41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Нарын багыты жана айланып өтүүчү унаа жолунун 346-372-чакырымдарында эскирген жол белгилерин оңдоп-түзөө, алмаштыруу жана иретке келтирүү жумуштары кызуу жүргүзүлүүдө.
Министрлик тарабынан жолдордун абалына туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп, айдоочулардын коопсуздугу жана ыңгайлуу каттамы үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлүүдө.