www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ливандын президенти Мишель Авндын Бейрут портундагы жарылуудан эки жума мурун порттогу аммиак селитрасы боюнча Жогорку Коргоо Кеңешине жашыруун отчет жөнөткөнү аныкталды.

Президентке жакын булактардан алынган маалыматка караганда, Авн, Мамлекеттик коопсуздук бөлүмүнөн Бейрут портунан ири көлөмдөгү аммиак селитрасы табылгандыгы жөнүндө кабар алган.

Авн бул отчетту тез арада чара көрүү үчүн 20-июлда Жогорку Коргоо Кеңешине жөнөткөн, бирок эч кандай чара көрүлбөй жарылуу болгон.

Президент Авн же Жогорку Коргоо Кеңеши бул маселе боюнча расмий билдирүү жасаган жок.

4-августта Бейрут портундагы жарылуучу зат сакталган №12 кампада өрт чыгып, андан кийин шаарды толук титиреткен катуу жарылуу болгон. Жарылуудан 171 адам каза болуп, болжол менен 6 миң адам жаракат алган.

Президент Мишель Авн, жарылууга Бейрут портундагы кампада 6 жыл бою сакталган 2750 тонна аммиак селитрасы себеп болгонун айтты.

Бул жарыядан кийин Ливан жана дүйнөлүк басма сөздө, ошондой эле социалдык медиаларда көптөгөн суроолор жана шалаакылыктар жөнүндө айтымдар жаралды.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости