www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Араван районунда адам өмүрүн алган жол кырсыгына шектүү айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 2026-жылдын 7-августунда С. Юсупова айыл аймагында болгон. Анда «KIA Sorento» жана «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен «Daewoo Matiz» унаасынын 1988-жылы туулган айдоочусу М.А. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми «KIA Sorento» унаасын башкарган, 1984-жылы туулган А.М. тергөө кызматына жеткирилип, унаасы айып короого киргизилген.

Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Соттук-автотехникалык экспертизанын корутундусу 17-августта чыгып, чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында шектүү катары «KIA Sorento» унаасынын айдоочусу А.М. 20-августта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Буга чейин каза болгон М.А.нын жакындары экспертизалардын корутундусу чыга электе айдоочуга чара көрүлбөй жатканын айтып, «АКИpress» маалымат агенттигинин Ош шаарындагы кеңсесинде маалымат жыйын өткөрүшкөн.

Последние новости